"Стартап" Кубогуна тандоодон өткөнүңүз менен куттуктайбыз

"Стартап" Кубогуна тандоодон өткөнүңүз менен куттуктайбыз

Урматтуу достор, бизге түштүк аймактардан хакатонго катышууга көптөгөн арыздар келип түштү! Биз анкеталардын баарын кылдат изилдеп чыгып, эң ылайыктууларын тандап алдык. Ал эми 22-ноябрда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы инновациялык жана IT стартаптар үчүн Prosperity Cup хакатонубузду баштайбыз! 🚀Үч жума бою арыздар боюнча тандалып алынган акселерациянын катышуучулары интенсивдүү тренингден өтүп, бизнес-идеяларын өркүндөтүп, баа жеткис билим жана тажрыйбага ээ болушат. ⚡️Эң ийгиликтүү стартаптар гранттык колдоо алышат. ——— «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information