🎉Araketchil Fest

🎉Araketchil Fest

2-октябрда Ош шаарында Araketchil Fest өтөт. Иш чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 200дөн ашуун баштапкы жана иштеп жаткан ишкерлер катышып, ишкердик жаатында тажрыйба алмашышат. Фестивалда “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев жана “Алайку Органикс” компаниясынын негиздөөчүсү Аскар Маметжанов сыяктуу тажрыйбалуу ишкерлер менен катар, жаш ишкерлер да бизнестеги негизги өзгөчөлүктөр тууралуу ой бөлүшүп жаштардын суроолоруна жооп берип, дем беришет. 🔥Фестивалдын кульминациясы - жаш стартаперлерге грант берүү! 2021-жылдын июнь айынан август айына чейин түштүк региондорунан 300дөн ашык удан-кыздар ишкердик боюнча тренингден өтүп, өздөрү иштеп чыккан бизнес-пландарын фестивалда тааныштырышат. 💪🏻Бизнес-долбоорлорун кеңейтүү жана өнүктүрүү үчүн эң мыкты 20 баштап жаткан ишкерлерге 170 миң сомго чейинки гранттар ыйгарылат. ___ «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information