«CASA-1000: ЖКК» долбоорунун алкагында кандай иштер жүрүүдо?

«CASA-1000: ЖКК» долбоорунун алкагында кандай иштер жүрүүдо?

«CASA-1000» — Кыргызстан менен Тажикстандын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо долбоору. Анын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөргө электр жарыгын сатып, киреше табат. Электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоо үчүн жогорку вольттук электр линиясын алып өтүү пландалган. Линия Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусу аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өтөт. Аталган аймакта жайгашкан 77 айыл «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында чубалгылардын жакын жайгашкандыгына, калкынын жана айылдардагы жаштардын санына, ошондой эле жакырчылык көрсөткүчүнө жараша каржылык жардам алышат. Учурда «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында кандай иштер жүрүп жатканы боюнча долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев менен маек курдук. — Майрамбек мырза, аталган долбоор кимдерге багытталган? Окутуу, түшүндүрүү иштери кандай жүрүүдө? — «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоору негизинен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунда ишке ашырылат. Себеби жогорку чыңалуудагы электр энергиясы ушул облустардагы айылдарды аралап өтөт. Анан ошол жердеги айылдарда иш жасап жаткан учурда биздин эксперттерибиз туура, кенен маалымат бериши үчүн аймактык адистерибизди борбордон барган адистер Ош шаарында окутуп жатат. Андан тышкары долбоорду ишке ашыруу механизмдери, тапшырмалары жана максаты, сатып алуу, тандоо, каржылык башкаруу, мониторинг жана баалоо боюнча окуулар жүргүзүлүүдө. Кененирээк маалымат учун: https://maralfm.kg/archives/509146

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information