20 стартап бизнестерди өнүктүрүү үчүн 11,9 млн болүндү

20 стартап бизнестерди өнүктүрүү үчүн 11,9 млн болүндү

🎉20 инновациялык стартап бизнестерди өнүктүрүү үчүн 11 900 000 болүндү💰 🙌🏻 Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы инновациялык жана IT стартаптар үчүн Prosperity Cup Ош биринчи хакатонунун финалдык күнү болуп өттү ✅ Demo Day иш-чарасынын соңунда катышуучулар өздөрүнүн идеясын өнүктүрүү үчүн грант алуу үчүн инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго мазмундуу сөз сүйлөп, бүткүл хакатон учурунда стартаптын өсүү жыйынтыктарын көрсөтүштү. ✅Стартаптардын арасында кол өнөрчүлүк, электрондук коммерция, клининг кызматтары, онлайн билим берүү жана маркетплейстер көрсөтүлдү. ✅34 стартаптын ичинен 20сы гранттык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду🥳 ✅ Буга чейин командалар 10 күндүк окуудан өтүп, маркетинг, финансылык сабаттуулук жана башка көптөгөн нерселер боюнча билимге ээ болушкан. Иш-чаранын программасына ошондой эле кесипкөй бизнес-консультанттардын (бизнес трекерлердин) колдоосу жана эксперттер менен жолугушуулар киргизилген. Программаны "Accelerate Prosperity" (Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын демилгеси) ишке ашырды. ——— «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. #АракеткеБерекет #MSDSPKG #L4Y #Аракетчил #Ош #Баткен #Жалалабад

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information