30 ишкер үчүн акселерация программасы

30 ишкер үчүн акселерация программасы

Кыргызстандын түштүк аймактарынан келген 30 ишкер үчүн акселерация программасы ишке ашырылууда 👏👏👏 ⚡️ 7 жуманын ичинде акселерация программасы боюнча окутуулар өткөрүлөт. Эксперттер өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшөт Тренингтер оффлайн режиминде өтмөкчү, анын ичинде: негизги лекциялар, конок лекциялар жана насаатчылар менен жолугушуулар болуп өтөт📝 Акселерация программасы төмөнкү темаларды камтыйт: 🔻Көйгөйдү аныктоо жана баалуулук сунушу 🔻Финансылык моделдөө 🔻Маркетинг жана сатуу каналдары 🔻Бизнес процесстерин оптималдаштыруу 🔻Стратегиялык башкаруу 🔻Чектөөлөр теориясы 🔻Экспорттоо 🔻Лидерлик жана командада иштөө ⚡️Ал эми эртең диагностикалык сессия болот, анда катышуучулар башкаруунун учурдагы көйгөйлөрүн аныкташат. Эскерте кетсек төмөнкү багыттар боюнча ишкерлер катышып жатышат: 🍀Ош облусунда алма жана күрүч өстүрүү 🍀 Баткен облусунда өрүк жана малина өстүрүү, ошондой эле кол өнөрчүлүк 🍀 Жалал-Абад облусунда балчылык жана кол өнөрчүлүк ——— «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information