«Буткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө» карата акция

«Буткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө» карата акция

🌱Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жергиликтүү коомчулуктары «Буткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө» карата өз айылдарында атайын иш-чара - акцияларды уюштурууда. 🌱Климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктагы жарчылары менен биргеликте жергиликтүү калк «Таза коом. Таза айыл. Таза өлкө!», «Жаратылышты коргойлу!», «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот» деген ураандар менен жол жээктерин, бакчаларды, арыктарды таштандылардан тазалап, ишенбиликтерди уюштурду. 🌱Кыргызстандын кереметтүү кооз жаратылышын, ресурстарын сактап калуу абдан маанилүү экендигин эске алып, адамдардын иш-аракетинин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерин азайтууга карата чараларды жаш муундарга түшүндүрүү үчүн эко-концерт, мектептерде ачык сабактар өткөрүлдү. ☘️Эске салсак, АРИС ишке ашырып жаткан долбоорлор аймактардын жана коомчулуктардын физикалык, биологиялык жана социалдык чөйрөсүнө тийгизүүчү таасирин эске алуу менен, экологиялык ан-сезим принцибин сактайт.

Points

Бул иш-чаралар туулган жерибиздин айлана-чөйрөсүн коргоодо, жаратылыш ресурстарын сактап калуу үчүн ар бирибиз үчүн маанилүү.

Асылга чоң рахмат. Бүгүнкү тренинг эң жогорку деңгээлде өттү.

Абдан соонун болду. Дагы коп болуп туруусун сунуштайм

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information